Апраксия

Википедия дан

Апраксия (грекче apraxia - аракетсиздик) - адамдын жогорку нерв ишинин бузулушу. Анда мээ кыртышынын ар кайсы бөлүгү жабыркап, максаттуу кыймыл-аракет бузулат. Ал мээнин төбө, маңдай бөлүгүнүн сезгенүүсүнөн, шишигинен, кан тамырларынын жабыркашынан же түрдүү кырсыктардан болот. Оорулуу суроолорго туура жооп берет, бирок түрдүү көнүмүш аракеттерди (мисалы, ширеңке чакканды, топчулоону жана башканы) жасай албайт. Апраксия кинетикалык, кинестетикалык жана конструкциялык болуп бөлүнөт. Кинетикалык апраксия мээнин маңдай бөлүгүнүн арткы жагы жабыркаганда болуп, кыймылдын ырааттуулугу бузулат. Натыйжада кыймыл токтоп же максатка жетүү үчүн ошол эле кыймылды кайталоого туура келет. Мээнин төбө бөлүгүнүн жогорку жагы жабыркаганда кинестетикалык апраксия болуп, оорулуу өзү ойлогон кыймыл-аракетти жасай албайт. Конструкциялык апраксия төбө мээсинин төмөнкү бөлүгү жабыркаганда байкалат. Дарылоону нейропсихолог жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]