Аптека же дары ромашкасы

Википедия дан

Аптека же дары ромашкасы - бир жылдык чөп өсүмдүк.

Аптека ромашкасы Кыргызстанда кеңири таралган. СССРдин Европа бөлүгүнүн бардык жерлеринде, Кавказда, Сибирде, Ыраакы Чыгышта жана Орто Азияда кездешет. Гүлү татаал себетче. Ромашканын гүлү дарылык касиетке ээ. Гүлүнүн кайнатмасы ич өткөндө, тердетүүчү, жел чыгаруучу каражат катары, ичеги түйүлгөндө кеңири колдонулат. Ангина, оозул болгондо сезгенүүгө каршы жана антисептик зат катары аны менен оозду чайкоо сунуш кылынат. Бир стакан кайнак сууга бир кашык кургатылган ромашканын гүлүн демдеп, жарты стакандан күнүнө 3 жолу ичүү, клизма жасоо сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8