Апышев Бекенбай

Википедия дан

Апышев Бекенбай (же Бекенбай Апыш) (1932-ж. т., Сузак району) – Ош мамлекеттик педагогикалык институттун чет тилдер факультетин бүтүргөн (1956).

Айыл мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, Ош мамлекеттик педагогика институтунда (1959) педагогика жана психология кафедрасында окутуучу, кафедра башчысы, кафедранын доценти, деканы, проф.

1974-ж. элдик пед. материалдардын негизинде кандидаттык диссертациясын коргогон алгачкы окумуштуу.

Негизги эмгектери: «Жалпы дидактикалык негиздер», «Педагогика» (1993), «Тарбия маданияты» (1996), «Педагогика» (2003) ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8