Араатумшук сымалдар

Википедия дан
Pristis pectinata.

Араатумшук сымалдар (Pristiformes) - кемирчектүү балыктар түркүмү. Денеси узун, нык, көкүрөк сүзгүчтөрүнүн четтери башы менен биригип өскөн. Узундугу 6 мге жетет, салмагы 2400 кг, катран сымал акулаларга тектеш. Башка балыктардан аналдык сүзгүчү жоктугу менен айырмаланат. Тумшугу узун, капталдарында сүйрү жана тыгыз, араа сымал чоң тиштери бар. Араатумшук сымалдардын 1 тукуму, 1 уруусу, 7 түрү бар. Тынч жана Индия океанында жашайт. Суу түбүндө жай жүрүүчү майда бентос жаныбарлар менен азыктанат. Аларды узун тумшугу менен суу түбүндөгү катуу жерден казып алат. Араатумшук сымалдардын ургаачысы 12ге чейин жумуртка тирүү тууйт. Жергиликтүү элдин промысел объектиси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]