Арабеска

Википедия дан

Арабеска (французча  arabesque) – көркөм искусствосунун тарыхында Жакынкы Чыгыш элдеринин орто кылымда иштеп чыккан орнаменттеринин бир түрү. А-га бир бүтүндүктүн жеткиликтүү жалпы мыйзам ченемдүүлүгүндө деталдардын тандалма татаалдыгы, линиялардын (сызыктардын) бат-бат кесилиши жана чиелениши, өтө стилдештирилген өсүмдүк элементтеринин геометриялык формалар менен айкалышы мүнөздүү (мис., Каирдеги мавзолейлердин (күмбөз) арх-ралык декорациясы). А. термини менен кээде гротескти белгилешет. Гротеск – байыркы Рим менен италиялык Кайра жаралууга мүнөздүү болгон орнаменттик мотив. Кеңири, жалпы мааниде ашкере оймо-чиймелүү фантастикалык мүнөздөгү татаал орнаментация А. деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]