Араб медицинасы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Араб медицинасы — орто кылымда араб элдери менен ислам дининдеги калк арасында кеңири таралган илим тармагынын бири. Чыгышта дарылоо иштерин ирандыктар, еврейлер, сириялыктар да жүргүзгөн. Ошол кездеги дарыгерлердин белгилүү окутуучусу, устаты харет Ибн Кадалахтын (6-кылым) араб тилинде жазылган эмгектери азыркы кезге чейпн сакталган. Бул эмгекте тамакты тарта ичүү, денени таза тутуу, ичкиликти көп ичпөө жана башка жөнүндө негизги эрежелер айтылган. Аристотелдин медициналык эмгектерин арабдарга алгач тааныштырган философ, математик, астроном, дарыгер аль-Кинди болгон (800-810-жылдар чамасында). Анын дарыгерлик көз караштарын Абу Наср аль-Фараби жана Абу Али ибн Сина андан ары өнүктүргөн, аль-Фараби айлана-чөйрөнүн адам ден соолугуна тийгизген таасирин эң алгач айткан. Аны ибн Сина өз эмгектерине негиз кылып алган. Анын «Канун» аттуу эмгеги Чыгыштын дарыгерлик мектептеринде жана Европа университеттерпнде негизги медициналык окуу куралы катары пайдаланылган. Ибн Сина бул китебинде оорунун түрлөрүн аныктоо, аны дарылоо жолдору, оорулууну багуу жана башка маселелер жана 760дай дары-дармек жөнүндө сыпаттап жазып калтырган. Араб маданиятынын дүйнө жүзүнө таралышына Орто Азиялык илимпоз Бакр Закария чоң салым кошкон. Ал оорулууну дарылоо үчүн химиялык жол менен алынган дарыларды пайдаланууну сунуш кылган. Араб дарыгерлери органикалык заттардан дары алуу жолун алгачкылардан болуп табышкан. 754-жылы Багдадда алгачкы дарыкана ачылган. Араб халифатында ооруканалар иштей баштайт. Орто кылымдагы араб элдеринде ооруканалардын жанына медициналык мектептер ачылган. Алардын бай китепканалары, илимий борборлору болгон. Дарыгерлерди даярдоо ар кайсы тармактар (тиш дарыгери, хирург жана башка) боюнча жүргүзүлгөн. Арабдар оорунун түрү менен мүнөзүнө жараша дарылоону билишкен. Алардын чоң шаарларда тазалыкты сактоо, ооруну дарылоо жана алдын алуу негизги максаты болгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]