Араб таануу илими

Википедия дан

Араб таануу илими, арабистика - араб элдеринин тарыхын, экономикасын, тил жана адабиятын, маданиятын, коомдук ой-пикирин изилдөөчү гуманитардык илимдердин жыйындысы. «Арабистика» термини Европада жаңы доордо пайда болгон. Чыгыш өлкөлөрү менен болгон соода жана дипломатиялык мамилелердин өнүгүшү араб өлкөлөрүнө болгон кызыгууну пайда кылган. Арабдардын этнографиясы, географиясы, тарыхы, мусулман укугу боюнча араб тилинде жазган авторлордун көп сандаган эмгектери, айрым мамлекеттик ишмерлердин, дин менен маданияттын ири өкүлдөрүнүн таржымалдары изилдөөчүлөрдүн араб дүйнөсүнө болгон илимий кызыгуусун да жогорулаткан. Батыш Европада Арабтаануу илими 16-кылымдын аягында пайда болот. 17-18-кылымда Рим, Париж, Лейден шаары Арабтаануу илиминин негизги борборлоруна айланган. Арабтаануу илими диний үрп-адаттарга тыгыз байланыштуу болгондуктан, Куранга түшүндүрмө берүү үчүн араб тилин үйрөнүү зарылдыгы келип чыккан. 17-кылымдын башында голландиялык филолог Т. Эрпениус араб грамматикасын түзүп, Европада араб филологиясына негиз салат. 17-кылымда араб тарыхы, географиясы, маданияты боюнча Батыш Европа окумуштуулары жыйнаган үзүндү маалыматтарды Чыгыш өлкөлөрүн изилдөөчүлөр англичан Э. Пококк, француз Б. д’Эрбело жалпылаган. 18-кылымда немис арабисти И. Я. Рейске арабистиканын диний окуудан бөлүү зарылдыгын жана Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхын, маданиятын дүйнөлүк тарыхтын жана маданияттын бир бөлүгү деп эсептөөнү талап кылган. 19-кылымда батыш европалык өлкөлөрдүн колониялык саясаты Арабтаануу илиминин өнүгүшүнө түрткү болгон. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында, айрыкча грамматиканын, лексикографиянын жана адабияттаануунун өркүндөшүнө Франция, Норвегия, Улуу Британия, Германия, Голландиянын жана Венгриянын бир катар окумуштуулары чоң салым киргизген. 1827-жылы Россияда А. В. Болдыревдпн араб грамматикасы жана хрестоматиясы басылып чыккан. Орус Арабтаануу илиминин өнүгүшүндө X. Д. Френ, Н. А. Медников, П. С. Савельев, В. Р. Розендин да эмгектери зор роль ойноду. Араб филологиясындагы жетишкендиктер Европа жана Чыгыш өлкөлөрүнүн кол жазма фондуларында сакталып жаткан орто кылымдарга тиешелүү жазма даректерди басып чыгарууга ыңгайлуу шарт түздү. 19-20-кылымда араб тилиндеги тарыхый географиялык эмгектерди жарыялоого, айрымдарын европалык тилдерге которууга батыш европалык көп арабисттер катышкан. Араб тилиндеги мурда басылып чыкпаган жазма даректерди жарыялоо тарыхый изилдөөлөрдүн башталышына да негиз салды. 19-кылымдын башында алар негизинен арабдардын жылнаамаларын баяндоо менен чектелген. Бирок 19-кылымдын орто ченинен жазма даректерди сын көз менен талдаган (А. Шпренгер, Р. Дози, А. Кремер, Гольдциер жана башка) эмгектер пайда боло баштаган. Бул эмгектерде ислам дини арабдардын коомдук турмушунун, маданиятынын өнүгүшүн шарттаган негизги фактор катары бааланат. Мындай көз караштар «Ислам энциклопедиясынын» (Лейден, 1908-38, англис, француз, немец жана түрк тилдеринде) 1-басылышынан байкалат. Араб өлкөлөрүнүн коомдук-экономикалык өнүгүшүнүн маселелери тарыхтын соңку жаңы доорундагы арабтаануу илиминде толугураак чагылдырыла баштады. Бул маселелер боюнча чет өлкөлүк арабисттер Ж. Соваже, Э. Леви-Провансаль, К. Каэн, Ж. Берк (Франция), К. Беккер, Г Кампфмейер (Германия), Д. Деннет, Б. Льюис, С.Лонгригг (Англия), А. Поляк, Д. Айалон (Израиль), А. Наллино, Э. Росси (Италия), Ш. Иссави, Дж. Хейворт-Дэнн (АКШ) жана башка эмгектери жарык көргөн. Алардын көз караштары «Ислам энциклопедиясынын» 2-басылышынан орун алган (Лейден - Парпж, 1954-1969). Арабтаануу илиминин өнүгүшүндө араб окумуштууларынын эмгектеринин да мааниси зор. Азыр араб историографиясы (Рашид аль-Баррави, Абдаррахман ар-Рафии, Мухаммед Сабри жана башка) колониализмге каршы багытталып отурат. Революцияга чейинки орус арабтаануу илиминин жакшы салттары советтик изилдөөчүлөр И. Ю. Крачковскпй, В. В. Бартольд, А. Е. Крымский, Е. А. Беляев, Н. В. Пигулевская, А. Ю. Якубовский, И. П. Петрушевский жана башка), тарабынан улантылган. Арабтаануу илиминин проблемалары Москвадагы Чыгыш өлкөлөрүнүн институтунда, Африка институтунда, Россия ИАнын Этнография, Философия институттарында, Азербайжандын, Грузиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын ИАларында изилденүүдө. Арабисттер Москва, Санкт-Петербург, Баку, Ташкен, Лейден, Париж, Оксфорд, Кембридж, Гарвард жана башка шаарлардагы университеттерде даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]