Араван аскалардагы оймо-чиймелер

Википедия дан

Араван аскалардагы оймо-чиймелер - ташка чегилген байыркы оймо-чийме сүрөттөр. Ал Араван суусунун түштүгүндө 25 км аралыктагы асканын бетинде. А. а. о.-ч. композициясы жанa сюжети жагынан 2 топко бөлүнет. Биринчи топто — көлөмү 2x2 м келген жалпак ташта эки аргымактын сүрөтү, экинчи (байыркы) тобунда басып бара жаткан аркарлардын, бөйрегүн таянып, колун кетөрүп турган эки кишинин сөлөкөтү түшүрүлгөн. Булардан башка текенин, иттин сүрөттөрү бар. Сүрөттөр кылдат чегилген. Бул оймо-чиймелер стиль жагынан сактардын сүрөт өнөрүнө тектеш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "1 том" Фрунзе 1976