Арагуая

Википедия дан
Арагуая

Арагуая - Бразилиядагы дарыя, Токантинс дарыясынын (Амазонканын алабы) негизги сол куймасы. Узундугу 2630 км, алабынын аянты 370 миң км2дей. Бразилия бөксө тоосу аркылуу агат. Ортоңку агымында эки айрыкка бөлүнүп, дүйнөдө эң ири дарыя аралдарынын бири - Бананалды (узундугу 300 кмден ашык) пайда кылат. Төмөнкү агымы босоголуу. Суусунун орточо чыгымы 8500 м3/секдай. Ортоңку агымында (1300 км аралыкта) кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]