Аралаш жер семирткич
Аралаш жер семирткич - эки же андан көп сиңимдүү заты бар кошулма. Курамындагы негизги азык заттардын өз ара катышы (N: P2O5: K2O) ар түрдүү жер семирткич өсүмдүк жана топурактын түрүнө жараша ар башка болот. Чымдуу күл топурак, токой боз топурагы жана кара топурактуу жерде картошка, дан өсүмдүктөрү жана кант кызылчасына 1 : 1,5 : 1; жайында азот менен кошумча азыктандырылуучу жашылча жана сплос өсүмдүктөрүнө, ошондой эле күздүк жана жаздык эгпн, картошка, зыгырга 1:1,5:1,5; калийлүү топуракта өскөн көп өсүмдүктөргө 1:1:0; калий жетиштүү топурактагы пахтага айдоо мезгилинде жана себүү алдында, ошондой эле дан, жашылча жана техникалык өсүмдүктөрдү себүү алдында1,5:2,5:0 жана 1:4:0; түрдүү өлчөмдөгү фосфат жана калпйлүү топурактардын өсүмдүктөрү, кызылча, картошкага 1: 1: 1,5; чым көңдүү топурактагы чанактуу өсүмдүктөр үчүн, ошондой эле күздүк, жаздык эгин, жашылчага 0:1:1 жана 0:1:1,5 катышта чачылат. Аралаш жер семирткичти микроэлемент, гербицид кошуп даярдоого болот. Аралаш жер семирткич чубурма келип, чоңдугу бирдей болууга тпйпш. Аны даярдоодо жер семирткич аралаштыруу эрежесин сактоо зарыл.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1