Аралаш тоют

Википедия дан

Аралаш тоют — сиңимдүү заттарга бай кургак тоют аралашмасы. Концентраттык тоют жана кошумча тоют аралашмасынан атайын рецепт боюнча жасалат. Аралаш тоют түрдүү биологиялык активдүү заттар кошулуп жасалса, жагымдуу жана даамдуу болуп, аш болумдуулугу 20—30 %ке жогорулайт. Малды керек азык зат менен камсыз кылып, түрдүү ылаңдан сактайт. Ал жасалышы боюнча үч түргө бөлүнөт: толук рациондуу, аралаш жем жана белоктуу-витаминдүү кошунду. Аралаш тоюттун курамында 5—8 компонент: арпа, буудай, күнжара, жүгөрү, саман-топон, витаминдүү чөп уну, антибиотик, туз жана башка бар. Ал майда, орточо жана кесек түрүндө болот. Аралаш тоют ун, акшак, бүртүк жана брикет түрүндө даярдалат. Бул тоют малдын түрүнө, жашына, чарбалык маанисине, кунардуулугуна жараша өлчөм менен берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]