Аралбаев Эркинбай

Википедия дан

Аралбаев Эркинбай (1924, Толук айылы - 1993, Токтогул шаарчасы) - партиялык ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты (1959-85).

Республикалык партиялык мектепти (1956), КПСС БКга караштуу жогорку партиялык мектепти бүткөн.

1948-53-ж. Кыргызстан КПнын Үчтерек, Токтогул райкомдорунда бөлүм башчы, 195659-ж. Кыргызстан КП Майлысай шаардык комитетинде инструктор, экинчи катчы, 1962-66-ж. Кызылкыя шаардык аткаруу комитетинин төрагасы, 1966-68-ж. Кыргызстан КП Сүлүктү шаардык комитетинде биринчи катчы, 1968-70-ж. партиянын Ош облустук комитетинде бөлүм башчы, 1970-85-ж. Кыргызстан КП БКга караштуу партиялык комиссиянын төрагасы болуп иштеген.

Эки «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган. Токтогул шаарчасындагы көчөгө ысмы коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5