Аралиялар

Википедия дан

Аралиялар (Araliaceae) - эки үлүштүү өсүмдүктөр тукуму. Дарак, бадал, лианалар жана кээ бирлери көп жылдык чөп. Сөңгөгү тикендүү, чатырча гүлдөрү шыпыргы топгүлдү пайда кылат. Жалбырагы жөнөкөй, сабагында кезектешпп же тушташ жайгашкан. Мөмөсү жемиш сымал, айрымдары данектүү. Тукумдун 70тен ашык уруусу жана 850гө жакын түрү белгилүү. Алар тропик өлкөлөрүндө, негизинен Инди-Гималай аймагында, кээ бири Түндүк Америкада, Чыгыш Азиянын мелүүн райондорунда кездешет. Ийне жалбырактуу жана аралаш токойдо өсөт. Кээ бири кооздук жана дары-дармек үчүн да өстүрүлөт. Айрымынын жыгачы сары, наардуу, жеңилимийОңой жылмаланат. Сапаттуу болгондуктан эмерек жасоодо пайдаланылат. Кыргызстанда айрым түрлөрү оранжереяларда, үйдө кооздукка өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]