Аралык
Көрүнүш
Аралык — кандай объект үчүн аныкталып жаткандыгына көз каранды болгон геометриялык түшүнүк.
Каалагандай эки чекитинин ортосундагы аралык — аларды туташтыруучу түз сызыктын кесиндисинин узундугун туюнтуучу терс эмес саны. Чекиттен түз сызыкка же тегиздикке чейинки аралык — ал чекиттен түз сызыкка же тегиздикке түшүрүлгөн перпендикулярдын узундугу, ал эми жарыш 2 түз сызыктын же тегиздиктин, кайчылаш 2 түз сызыктын ортосундагы аралык ал түз сызыктарга (тегиздиктерге) жүргүзүлгөн жалпы перпендикулярдын кесиндисинин узундугу болот. жана чекиттеринин ортосундагы аралык = формуласы менен аныкталат.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004