Аралык аныктагыч
Көрүнүш
Аралык аныктагыч — аралыкты ченебестен эле аныктоочу аспап. Ал аралыкты оптиканын жардамы менен автоматтык түрдө жогорку тактыкта көрсөтөт. Оптикалык аралык аныктагыч менен аралыкты аныктоо бир жагы (АВ) белгилүү болгон тең капталдуу үч бурчтуктун (АВС) бийиктигин табуу маселесине негизделген. Ал артиллерияда, фотоаппараттарда жана геодезияда колдонулат. Аралыкты радио жана жарык толкундарынын таралыш ылдамдыгы боюнча да аныктоого болот. Бул куралдар радиолук жана жарыктык аралык аныктагыч деп аталат. Алар астрономияда, геодезияда (триангуляцияда жана башкада) пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1