Арам

Википедия дан

Арам, харам («тыюу салынган»; синоними мазхур) - 1) Ислам дининде күнөө деп саналган жана тыюу салынган иш, кылык-жорук. Харам маселеси фикх ахрамда (мусулмандардын жүрүм-туруму, укугу) берилген. Анда арамдын үч негизги түрү белгиленген: а) батил - мыйзамдын жана диний көрсөтмөлөрдүн, келишимдер жана соода шарттарынын бузулушу, башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, кысымга алуу жана башка; б) фасид - кандайдыр бир тартип бузуулар болуп, бирок аны жоюуга мүмкүн боло турган иштер. Мисалы, кыз уруксатсыз күйөөгө берилсе, анын ата-энеси же баккан адамдар менен өз ара макулдашууга жетпшсе, анда нике сакталып калышы ыктымал; в) сахих - бир караганда туура, бирок адеп-ахлакка сыйбаган кылмыштуу иштер (мисалы, убактылуу никеге туруу, козголоңчуларга куралдарды сатуу жана башка). 2) Үй-бүлөлүк нике мамилелеринде никеге турууга тыюу салынган адам. Бир туугандар, өгөй уул, өгөй кыз бири-бирине карата, бала багып алгандардын балдары жана туугандары, ошондой эле эмчектеш туугандардын ортосундагы нике да харам катары саналат. 3) Тыюу салынган тамак-аш. Чочко эти, арам өлгөн же жырткыч тийген мал эти, ошондой эле Алла-Таала аты аталбай мууздалган, курмандыкка чалынып, бпрок ошол мезгилде желип бүтпөй калган жана башка диндеги адамдын колу тийген малдын этин жешке тыюу салынган. Ал эми жылкы, эшек, пил, ошондой эле крокодил, ташбака жана башка жапайы жаныбарлардын этин тамак-аш катары пайдалануу тууралуу бир беткей айтылган пикирлер жок. Мас кыла турган ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынган. Бирок айрым мазхабдар (ханафиттер жана шафиттер) тарабынан мас боло турган абалга жеткирбестен аз өлчөмдө же дары катары пайдаланууга боло тургандыгын айтышат. Адам өз эрки менен тыюу салынган тамак-ашты пайдаланса күнөө катары саналат. Эгерде аны күч менен же ачкачылыкка дуушар болуп, айласыз кабыл алса, анда анын күнөөсү кечирилет деп айтылат. 4) Оюн-зоокторго тыюу салуу. Исламдын мыйзамдары боюнча, кумар оюндарына толугу менен, ыр-бийге, асем буюмдарды ыксыз пайдаланууга тыюу салынган. 5) Ажылыкка (хадж) барган учурунда, курал-жарак алып жүрүүгө, сакал-мурут, чач алууга жана башка, ошондой эле сыйынуу мезгилинде чыр-чатактарга, согушка, өч алууга жана башка тартип бузууларга жол берилбейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]