Арамей тили

Википедия дан

Арамей тили - семит тилдеринин тобуна кирген тилдердин бири. Бул тилдеги байыркы жазма эстеликтер биздин заманга чейинки 9-10-кылымдарга таандык. Байыркы мекени - Сирия жана Месопотамиядан Жакынкы Чыгышка таралып, ал жердеги финикия, еврей, моавит, аккад тилдерин сүрүп чыгарган. Арамей тилиндеги адабияттын дээрлик көпчүлүгү диний мазмунда (мисалы, Библия жана Талмуддун айрым бөлүмдөрү) болгон. Арамей тили арабдар басып алгандан кийин колдонулбай калган. Ал азыр батыш (малула), борбордук (турайо) жана чыгыш (ассирия) диалектилерине бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]