Арап (Араван району)

Википедия дан

Арап (Араван району) - Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Араван кыштагынан 13 км түндүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 45 км. 19-кылымдын аяк ченинде отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 550 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1913 (2005); негизинен пахтачылыкта, пиллачылыкта, багбанчылыкта эмгектенет. Пахтаны кайра иштетүүчү кичи завод, орто мектеп, китепкана бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]