Арафат

Википедия дан
Арафат.

Арафат - Мекеге жакын (20 кмдей) жайгашкан жердин аты. Сауд Арабстанында. Узундугу 1112 кмге жеткен өрөөндөн жана аны түндүктөн чектеген жалча тоолордон турат. Арафат мусулмандардын эң негизги сыйынуу расмиси - ажылыктын (хадж) каадасы өтүүчү жер. Эл ичинде айтылган уламыштар боюнча Арафат тоосунун этегинде бейиштен куулган Адам ата менен Обо эне кездешкен. Бул жер ислам кабыл алынганга чейин Илал деп аталып, зыярат кылуучу ыйык жай болгон. Бүгүнкү күндө сыйынуучу жер катары дүйнөгө белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]