Арбакты сыйлоо

Википедия дан

Арбакты сыйлоо – бул маркумга тирүүлөрдүн вазийпасы. Анын аброюн көтөрүүсү. Бала – бакыраларына көрсөткөн мамилелери. Ага таандык жакшылыгын аябоо. Арбагын урматоо. Кез – кез эскере жүрүүсү, ылайыктуу ишине жароо. “Ыраматылыктын арбагы ыраазы болсун”, “Куран окуп коёлу” албетте, мындай адамгерчилик маркумдун жакынына алысына карабай жасалат. Тирүүчүлүктө анын кадырын көзү өткөндө урматтоо – биздин келе жаткан салтыбыз. Ага анын бала – бакыралары, жакындары да ыраазы болушат. Азыркы өткөзүлүп жаткан маркумдардын мааракелери, аш – тойтун маани маңызы ошого такалат. Бул тууралуу Азирети Мухаммед пайгамбар дагы “маркумдун артынан жаман сөз айтпоону, ата – энесинин достору менен көзү өткөндөн кийин да алаканы үзбөөнү, жалпы маркумдарга куран окуп, бата кылып жүрүүнү” керээз кылып калтырган.<br. Маалымат булагы:Шоокум журналы.№8(37) август, 2009-ж.