Арбалет

Википедия дан

Арбалет (французча Arbalete, латынча arcus - жаа, ballista - атуучу курал) - тептирге тартылган жаанын потенциалдык энергиясын колдонуп, жебе, таш менен атуучу курал. Анын атуу аралыгы 50-150 м. Ал болжол менен биздин заманга чейинки 4-кылымда Кытайда жасалган, Байыркы Грекияда «гастрофет» деген ат менен белгилүү болгон. 10-16-кылымда Европада согуштук арбалеттер колдонулган. Арбалет жаасы (узундугу 1 м) ар кандай жыгачтан, сөөктөн, 15-16-кылымда атайын механизм менен атылуучу арбалеттин жаасы болоттон жасалган. Мындай арбалеттин сокку күчү 300-500 кг болуп, жаа зоот кийимдерди оңой тешкен. Ошондой эле таш жана чоң жебе атуу үчүн жаасы 1,5-2 м арбалет пайдаланылган. Акыркы убакта арбалет аңчылык жана спорттук болуп бөлүнөт. Алардын сокку күчү 35-70 кг.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]