Арбезов Александр Ерминингельдович

Википедия дан

Арбезов Александр Ерминингельдович [30. 8 (11. 9). 1877, Казан губерниясы, Арбузово-Баран айылы,22. 1. 1968, Казан шаары] - химик, СССР ИАнын академиясынын (1942); корреспондент-мүчө (1932), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). А. М. Зайцевдин окуучусу. 1900-жылы Казан университетин бүткөн. 1911-30-жылдарда ошол университеттин, 1930-жылдан Казандагы химия-технология институтунун профессору, 1945-63-жылдарда СССР ИАнын Казандагы филиалынын председатели. Фосфорлуу кислота жана анын бирикмелеринин түзүлүшүн аныктаган. Фосфор органикалык бирикмелерин синтездөөнүн бирден-бир негизги жолу болгон реакцияны (Арбузов реакциясы) ачкан. Арбезов химиялык катализ жана фосфорлуу кислотанын диалкил эфирлеринин таутомерлерин изилдеген жана химиянын өнүгүшүнө баалуу эмгек сиңирген. Ийне жалбырактуу жыгачтардын чайырын изилдеп, чайырды коромжусуз жыйнап алуу техникасын иштеп чыккан. СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1943, 1947), беш Ленин жана башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]