Арбезов Алексей Николаевич

Википедия дан

Арбезов Алексей Николаевич - (1908-1986) орус драматургу. СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1980). Ленинград театр окуу жайын бүткөн. Чыгармалары 1930-жылдан жарыялана баштаган. «Таня» (1939) пьесасы менен драматург катары таанылган. «Сүйүктүү алтоо» (1935), «Алыс жол» (1935), «Таң алдындагы шаар» (1941), «Четтеги үй» (1943), «Саякат жылдары» (1954), «Иркутск окуясы» (1959), «Саат он экиге кетти» (1959), «Жоголгон уул» (1961), «Байкуш Маратым» (1965), «Бактысыз адамдын бактылуу күнү» (1968), «Шайлоо» (1971), «Эски Арбаттын жомогу» (1972) жана башка чыгармаларды жазган. Ал чыгармаларында жаш муундардын ички дүйнөсүн калыптандыруу, тарбиялоо жана башка учурдун орчундуу моралдык-этикалык маселелерин көтөргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]