Аргасыз жагдай

Википедия дан

Аргасыз жагдай (Форс-мажор) (фр. force majeure ) – жарандык укукта өзгөчө жагдайлардын жана болбой койбос шарттардын пайда болуусу, анын натыйжасы келишимдеги шарттардын аткарылбай калышы болуп саналат. Аргасыз жагдайдын натыйжасында келишимдин бир тарабы эрксизден экинчи тарапка чыгаша тарттыруучу болуп калат. Аргасыз жагдайдын жалпы жонунан багынбас күчкө юридикалык аргасыз жагдайды да бөлүүгө болот. Баардык жарандык-укуктук тутумдарда жеңилбес күч жоопкерчиликтен бошотуучу жагдай болуп саналат. Юридикалык аргасыз жагдай мамлекеттик жогорку органдардын чечимдери (импортко же экспортко тыюу салуу, валюталык чек-төөлөр, ж. б.), иш таштоо, согуштар, ыңкылап ж. б. кирет. Мааниси боюнча коммерциялык тобокелчилик болгон шарттар, м.: базардын конъюктуралык ыңгайсыздыктарына байланышкан кыйынчылыктар, баалардын өзгөрүшү ж. б. аргасыз жагдайлар катары таанылбайт. Юридикалык аргасыз жагдай түшүнүгү так аныктамага ээ эмес. Эреже катары, күтүлбөгөн жагдайларды жана алардын укуктук натыйжаларын келишимдик тартипте контрагенттер белгилешет.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7