Аргиллит

Википедия дан

Аргиллит (грекче argillos - чопо, lithos - таш) диагенез жана эпигенез процесстеринде чопонун ныкталып, нымсызданып жана цементтелишинен пайда болгон катуу тоотек. Сууда эзилбегендиги жана катуулугу менен чоподон айырмаланат. Цемент, керамзит, курулуш карапасын алуу материалы катары колдонулат. Аргиллиттер көбүнчө көмүр менен нефть кендери бар жерлерде жолуккандыктан, жер бетинде алардын жайгашуусун жана таркалышын изилдөөнүн мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]