Аргишти I

Википедия дан

Аргишти I - Урарту мамлекетинин падышасы (биздин заманга чейинки 8-кылымдын 1-жарымы), Менуанын уулу. Аргишти Iнин аскага чектирип жаздырган бир нече жазма даректери азыркы мезгилге чейин жеткен (мисалы, Ассириядагы жана Ван көлүнүн жээгиндеги зоокадагы шынаа сымал жазуулар). Аргишти I тууралуу ассириялык жазма даректерде да эскерплет. Анын мезгилинде Урарту Жакынкы Чыгыштагы күч-кубаттуу мамлекетке айланган. Армениядагы Эребуни (азыркы Ереван шаарынын жанында) жана Аргиштихинили чептери Аргишти Iнин убагында курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]