Аргос

Википедия дан
Аргос.

Аргос — Пелопоннес аралынын (түштүк Грекия) түндүк-чыгышындагы байыркы шаар. Калкы 25, 1 миң киши (2004). Биздин заманга чейинки 2-мпң жылдыктын 2-жарымында эле ири борбор болгондуктан, байыркы акындардын чыгармаларында айрым учурларда бүткүл Грекия Аргос, ал эми гректер аргивяндар деп айтылган. Микен цивилизациясы кыйрагандан кийин Аргосту дорийлер мекендеп калышкан. Биздин заманга чейинки 8-6-кылымда алардын бпйлпгп Пелопоннестин түндүк-чыгышына тарап, шаар кайрадан гүлдөп-өскөн. Аргосто монархия биздин заманга чейинки 5-кылымга чейин өкүм сүрүп, андан соң демократия орногон. Тышкы саясатында Аргос менен Спартанын ортосунда жер үчүн күрөштөр болуп турган. Биздин заманга чейинки 229-жылдан Ахей союзуна, биздин заманга чейинки 2-кылымдын экинчи жарымынан Римдин бийлигине өткөн. Биздин замандын 267- жана 395-жылы Готтор тарабынан талкаланган. Бүгүнкү күнү Аргос Грекиядагы туристтик борборлордун бири. Шаарды археологиялык изилдөө учурунда Микен дооруна тиешелүү сепилдин, Зевс менен Афины храмынын, 20 миң орундуу театрдын, музейлердин жана башка калдыктары табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]