Ареометр
Көрүнүш
Ареометр (грекче araios - суюк жана метр) - суюктуктун жана борпоң нерселердин тыгыздыгын өлчөгүч прибор. Иштөөсү Архимед законуна негизделген. Сүрүп чыгарылган суюктуктун көлөмү жана анда калкыган заттын массасы боюнча суюктуктун тыгыздыгы аныкталат. Массасы жана көлөмү турактуу ареометрлер пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1