Ареопаг

Википедия дан

Ареопаг (грекче Areis pagos - Арео дөбөсү) - Байыркы Афиныдагы бийлик органы. Ал уруулук түзүлүш доорунда келип чыккан жана анын мүчөлөрү өмүрүнүн аягына чейин шайланышкан. Ареопагдын жыйындары Афиныдагы Арес дөбөсүндө өткөрүлгөндүктөн, ушундайча аталган. Ареопаг кеңири саясий, диний, сот жана көзөмөлдөө бийлигине ээ болуп, адегенде аристократиянын, анан олигархиянын тиреги болгон. Афины демократиясынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон Эфиальттын реформасынан кийин ареопагдын бийлиги улам чектелип олтуруп, саясий бийликтен ажыратылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]