Арзыматов Масалбек

Википедия дан

Арзыматов Масалбек (1929, Коргон-Төбө айылы - 2015, Жаңы-Базар айылы) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, эл агартуунун отличниги.

Прежевальск педагогикалык окуу жайын (1952), Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (1956) бүткөн.

  • 1945-57-жылдары Коргон-Төбө айылындагы Фрунзе атындагы жети жылдык мектепте мугалим,
  • 1957-59-жылдары мектеп директору,
  • 1959-62-жылдары Айгыр-Жал орто мектебинде директор,
  • 1962-94-жылдары Чаткал орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, директору, директордун тарбиялык иштери боюнча орун басары, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Юбилейлик медалдар, мамлекеттик тилди өнүктүрүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6