Арзыматов Тагай

Википедия дан

Арзыматов Тагай 1912-жылы Өзгөн районунун Таш-Кепе айылында туулган.

  • Иниси Султан төрөлгөндөн кийин, көп өтпөй ата-энеси оорудан көз жумушат да, 2 жаш бала аталаш абасынын колунда чоңоюшат.
  • Эрезеге жетип эс тартып калганда, Көк-Арт айылына туугандарына келип ошол жерде туруп калышат.
  • 4-класс башталгыч мектепти аяктап, Кызыл-Октябрь колхозунда эмгектенип жүрүп, 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетет.
  • Челябинск областында 3 айлык даярдыктан өткөндөн кийин, бөлүштүргөндө Белоруссия фронтунда 2-гвардиялык 99-аткычтар полкуна туш келет.
  • 1943-жылы колунан оор жаракат алат.
  • Согуштагы көрсөткөн каармандыгы үчүн “Ата Мекендик согуштун” I-даражадагы ордени жана бир канча медалдар менен сыйланган.
  • Согуштан келгенден кийин, колхоздун, совхоздун ар кандай тармагында иштеп жүрүп эс алууга чыккан.
  • 1992-жылы дүйнөдөн кайткан.
  • Иниси Арзыматов Султан согушка кеткен боюнча кабары жок дайынсыз болуп калат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3