Арид рельефи

Википедия дан

Арид рельефи - рельеф пайда кылуучу процесстердин таасири астында чөл, жарым чөлдөрдө жана кургак талааларда калыптанган рельефтин тиби. Ал шамалдын (дефляция, эол-аккумуляциялык), чөл үбөлөнүүсүнүн, убактылуу курулган агын суулардын эрозиясынын аракетинен түзүлөт. Дөңсөө, плато, тоо этеги жана тоолорго ариддик денудация жана эрозиядан пайда болгон рельефтин (педименттер, бедленддер, каксоо жерлер) формалары, ал эми түздүктөр менен ойдуңдарга таштуу чөлдөрдүн түрдүү типтери, эол рельефтүү (бархандар, кум дөбөлөрү жана башка), шортоң жерлүү жана көлдүү чуңкурчактар, такырлар мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]