Ариозо

Википедия дан

Ариозо (итальянча arioso, aria - ария) - 1) арияга караганда көлөмү чакан, речитативден обонунун жөнөкөйлүгү жана мукамдуулугу менен айырмаланган операдагы, кантатадагы вокалдык композпцпя. 17-кылымда италиялык операда (К. Монтеверди, М. А. Честинин) речитативдин обондуу бөлүгүн түзгөн. 19-20-кылымдын операларында Ариозо анча чоң эмес ария, башкача айтканда лирикалык ыр («Евгений Онегин» операсындагы Ленскийдин, П. И. Чайковскийдин «Карганын маткесинде» Лизанын ариозосу) кээде обондуу декламация мүнөзүндө болгон. К. Ариетта, Каватина; 2) аткаруучулукта кантилендик мүнөздөгү аткарууну жана ырдоону (ария сыяктуу) көрсөтүүчү белги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]