Аристофан

Википедия дан

Аристофан (биздин заманга чейинки 446-385-жылдар ченде) - байыркы грек драматургу, акын-комедиограф, «комедиянын атасы». Аристофан жөнүндө маалымат өтө аз. «Ахарняндыктар» (425), «Атчандар» (424), «Аарылар» (422), «Тынчтык» (421), «Куштар» (414), «Фесмофорий майрамындагы аялдар», «Бакалар» (405), «Аялдар эл жыйынында» (392), «Плутос» (388) деген комедиялары сакталып калган. Аларда доор курч коюп жаткан маселелер ачык көрсөтүлүп, социалдык теңсиздик ашкереленген, эл таламында болгон, аларга жакшы каалоо-тилектерин билдирген. Ал комедияларында маанилүү окуяларга кайрылып, согуш саясатына каршы чыгат («Лисистрата»), реалдуу инсанды жемелеп («Булуттарда» Сократты), фантастикалык кырдаалдар чагылдырылат. Аристофандын комедияларын Э. Роттердамский, Г. Фильдинг, Н. В. Гоголь, В. Г. Белинский, сынчы А. В. Луначарский жана башкалар жогору баалаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]