Аритмия

Википедия дан

Аритмия (а... жана грекче rhythmos - ыргак) жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу. Аритмияда жүрөктүн капысынан өтө тез (тахикардия) же жай (брадикардия) согушу сезилет. Ага жүрөк оорулары (миокардит, кардиосклероз), нервдин жүрөктү башкаруу ишинин бузулушу жана башка себеп болушу мүмкүн. Балдардын, өспүрүмдөрдүн жүрөгүнүн тез-тез кагышы алардын организминин өсүшүнө байланыштуу физиологиялык өзгөрүү болуп эсептелет. Айрым учурда аритмия кан айлануунун бузулушуна, жагымсыз сезүү, баш айлануу жана башкаларга алып келет, кээде оорулууга сезилбейт. Ага себепчи болгон негизги ооруларды дарылап, жүрөктүн бир калыпта согушун калыбына келтирүү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]