Аритмияга каршы дарылар

Википедия дан

Аритмияга каршы дарылар — жүрөк ишинин ыргагы бузулганда (аритмияда) пайдаланылуучу дарылар.

Жүрөктүн иштеши жана автоматизми козголгондо хинидин, новокаинамид колдонулат. Аларга химиялык түзүлүшү ар түрдүү болгон заттар кирет. Хинидин — хининдин (безгекке каршы дарылардын бири) изомери, жүрөктүн өткөргүч системасындагы импульстарды тормоздойт. Новокаинамиддин химиялык түзүлүшү новокаинге окшош, анестезиялык таасири бар. Хинидин менен новокаинамид жүрөктүн алдыңкы бөлүгүнүн аритмиясында, экстрасистолияда, тахикардияда колдонулат. Ошондой эле жүрөк гликозиддери, магний жана калий туздары, гистаминге каршы дарылар жана башка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8