Ариф Өздемир

Википедия дан

Ариф Өздемир (түрк. Arif Özdemir, 1953, Мугла) - Түркиялык хирург, хирургиялык онколог, медицина илимдеринин профессору. Саясий жана мамлекеттик ишмер, түрк армиясынын полковниги маркум Алпарслан Түркештин жеке дарыгери[1].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орто мектепти бүткөндөн соң,  1979-жылы Хажеттепе университетинин Медицина факультетин ийгиликтүү аяктаган. Хажеттепе университетинин Медицина факультетинде клиникалык ординатураны аяктап, 1984-жылы жалпы хирургия боюнча адис болгон. 1989-жылы жалпы хирургия кафедрасынын доценти, 1996-жылы профессор, 2012-жылы хирургиялык онкология боюнча адис наамдарына ээ болгон.

1984-жылы 800 орундуу аскердик ооруканада, 1985-1989-жылдары Түркия Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Анкара "Нумуне" ооруканасында, 1985-1989-жылдары устаты Мехмет Хаберал тарабынан курулган "орган трансплантация, күйүк жана дарылоо фондуна" караштуу ооруканада, 1989-1991-жылдары Хажеттепе университетинин Медицина факультетинде, 1993-жылы болсо Бирмингем шаарында орун алган  "Queen Elizabeth Hospital Birmingham" ооруканасында иштеген. 1999-2014-жылдары Түркия “Диянет” фондунун Анкара жана Стамбул шаарларындагы “29-май” ооруканаларында башкы дарыгер болуп эмгектенген. Түркиялык саясий жана мамлекеттик ишмер, түрк армиясынын полковниги маркум Алпарслан Түркештин 1997-жылы каза болгонго чейин жеке дарыгери болгон. Проф. Ариф ӨЗДЕМИР учурда Анкара шаарындагы жеке "City Hospital" оорукананын менеджери, Башкаруу кеңешинин төрагасы жана жалпы хирургия бөлүмүнүн дарыгери болуп эмгек жолун улантууда. Ал үй-бүлөлүү жана үч баланын атасы.

  1. https://www.hurriyet.com.tr/gundem/zehirlediler-mi-38518105