Аркан тартыш

Википедия дан
Аркан тартыш

Кыргыз улуттук оюну. Ар кандай аш-тойлордо, мааракелерде ойнолот.

Эрежелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга 10 киши катышат.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда аркан колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар эки топко бөлүнүшүп, аркан оюн өткөрүлүүчү жерге коюлат. Аркандын ортосуна түстүү чүпүрөк байланат, жерге туурасынан үч сызык сызылат, Ортонку сызыктан четтеги сызыктардын аралыгы 2 метрге чейин болот, Оюнчулар тең эки топторго бөлүнөт. Ар бир топтун оюнчулары бир оюнчудан кийин аркандын бир жагынан, калган оюнчулар дагы бир оюнчудан кийин аркандын экинчи жагынан кармашат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын же карап тургандардын бирөөсүнүн буйругу боюнча топтордогу оюнчулар арканды өз тарабына тартып алууга аракеттенишет. Эгерде бир топтогу оюнчулар, экинчи топтогу оюнчуларды өз жагындагы сызылган сызыктан тартышып өтсө (алышса) жеңиш алардыкы болот. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу арканды тартышып алышкан оюнчулардын тобу жеңишет.

Оюндун башка түрлөрү. Бакан тартыш, басмайыл тартыш, таар тартыш, төшөк тартыш ж. б,

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракеттенүүгө, арканды коё жиберүүгө болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Аянтча түз, таза, тоскоол кылчу буюмдарсыз болушу, аркан жакшы абалда, оюнчулардын саны бирдей болушу керек.

Педагогикалык мааниси. Күч, ийилчээктик тарбияланат, тырышчаактыкка, биримдүүлүккө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]