Аркан тосуу

Википедия дан

Аркан тосуу - келин күйөөнүн айылына жеткенге чейин жолдогу айылдарда аркан менен жолун тороо салты. Тоскондорго келин түрдүү белектерди (кол жоолук, шакек, акча ж.б.) берип, өзүнө жол бошоттурат. Жол тоскондорго берилчү «жол ачтырар» белектерди кыздар сеп даярдоо мезгилинде эле кошо даярдашкан. Бул салтты этнографтар магиялык күчкө ээ болгон буюмдарды (сакралдык аркан ж.б.) аттап өтүүгө тыюу салуу менен түшүндүрүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]