Арка (архитектура)

Википедия дан
Арка.

Арка (латынча arcus - дого, ийри) - имараттардын, дубалдардын аралыгын түркүктөр, колонналар, пилондор аркылуу бириктирип турган таяныч. Арка - имараттардын архитектуралык маанилүү элементи, конструкциянын тосмолоруна жана стилдин талаптарына ылайык өзгөрүп турат. 19-кылымдын 2-жарымында арка жаңы өркүндөтүлгөн архитектуралык формалар менен металлдан курулган. Мындай жаңы архитектуралык мүмкүнчүлүк 20-кылымда темир-бетон аркаларынын пайда болушуна алып келген. Алар чоң имараттарда, көпүрөлөрдө, спорттук курулуштарда жана метро станцияларынын интерьерлеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]