Аркесилай

Википедия дан

Аркесилай (грек. Ἀρκεσίλαος, лат. Arkesilaos; болжол менен б.з.ч 315 , Питана, Этолия — болжол менен б.з.ч 240 , Афина) – байыркы грек философу, Платондук академиянын башкаруучусу, «Экинчи» (Орто) академиянын негиздөөчүсү.

Сократ сыяктуу эле ой-жүгүртүүлөрүн кагаз бетине түшүргөн эмес, догматизмге каршы болуп, «бардыгын дагы бир жолу изилдөө» принцибин өнүктүргөн. Анын пикирине ылайык, философиянын башкы максаты – акыйкатка ээ болуу эмес, адашуулардан арылуу. Мындай көз караш ойчулду ой-жүгүртүүлөрдөн алыс боолуу жобосуна алып келген.

Аркесилай сезимдик кабылдоонун негизинде предметти өздөштүрүүгө мүмкүн деген стоиктердин таанып-билүү теориясына каршы туруп ишенимдүү боло турган жоболорду гана жетекчиликке алуунуу максат кылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]