Уюлдук климат

Википедия дан
Арктикалык климат‎»‎ барагынан багытталды)
Арктикалык климат.

Уюлдук климат - Арктикага жана Антарктида мүнөздүү дайыма суук өкүм сүргөн климат. Ал негизинен Күн кыйгач тийип, анын радиациясынын аз өлчөмдө түшүшүнүн жана түбөлүк муздардын илебинин таасиринен пайда болот. Абанын температурасы жалпысынан 0°тан төмөн болуп, анын төмөнкү чеги 50°ка жетет. Туман, булут каптап, бороон болуп турат. Жаан-чачын аз өлчөмдө (100-200 мм), негизинен кар аралаш майда жамгыр түрүндө түшөт. Жылуу күндөр уюлда бир ай, деңиз жээктеринде 2-3 ай гана болот. Уюлдук кеңдиктердин көп жерлеринен антициклон үзүлбөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]