Аркфенкция

Википедия дан

Аркфенкция (латынча arcus - жаа жана функция), тескери тригонометриялык функциялар - берилген тригонометриялык функциялардын тескери функциялары. Синус, косинус, тангенс, котангенс, секанс жана косеканска тескери функциялар: арксинус, арккосинус, арктангенс, арккотангенс, арксеканс, арккосеканс. Алар Arcsinx, Arccosx, Arctgx, Arcctgx, Arcsecx, Arccosecx түрүндө белгиленет. Arcsinx жана Arccosx функциялары | x |<1 (анык сандар облусунда), Arctgx жана Arcctgx функциялары - бардык чыныгы сандар X, ал эми Arcsesx жана Arccosecx функциялары | x |>1үчүн аныкталат. Тригонометриялык функциялар мезгилдүү болгондуктан, алардын тескери функциясы көп маанилүү функциялар болушат. Бул функциялардын бир маанилеш негизгилери төмөнкүчө белгиленет: arcsin x, arccosx, ... Тактап айтканда, arcsinx функциясы Arcsinx p функциясынын - — < arcsin x < — шарты орун ала тургандай негизи болуп саналат. Ушул эле сыяктуу, arccosx, arctgx жана arcctgx функциялары тиешелүү түрдө төмөнкү шарттардан аныкталат: 0<arc cos x<p, pp - — < arctgx < —, 0<arcctgx<p. Тескери тригонометриялык функциялар Arcsinx, ... оңой эле аrcsin x, ... функциялары аркылуу туюнтулат, мисалы, Arcsin x=(-1)n arcsin x+pn, Arccos x=± arccos x+2pn, Arctgx=arcctg+pn, Arcctg= arcctgx+pn,n=0, ±1, ±2,... Тескери тригонометриялык функциялар төмөнкүчө байланышкан:аrcsin x + аrccos x =-1< x <1, аrcsin x + аrccos x =, - ¥ < x < + ¥.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]