Арман күүлөр

Википедия дан

Арман күүлөр - кыргыздын музыкалык фольклорунда жана комуз музыкасында кеңири өнүккөн жанрдын бири.

Арман күүлөрдө негизинен кыргыз элинин өткөн замандагы кайгы-муңу, кедей, жетим-жесирлердин оор турмушу, улан-кыздардын бири-бирине жетпей зарланышы, малга сатылган кыздардын муну баяндалат.

Комуз Арман күүлөрү жөнөкөй кайруулардан тартып кеңири масштабдуу классикалык күүлөргө чейин өскөн (мис., «Көкөй кести», «Кыздын арманы», «Арман күү», «Жетим баланын арманы», «Музоокенин муңдуу күү» жана башка).

Арман күүлөрдүн айрымдары каймана түрүндө «Чымчыктын арманы», «Армандуу чымчык», «Күкүктүн зары» дегендей канаттуулардын аттары менен коштолсо, айрым Арман күүлөрү авторунун ысмы менен кошо айтылат: «Абактын арманы», «Арстанбектин арманы», «Серкебайдын арманы» ж. б.

Арман обон, күүлөр ушул азыр да композиторлордун тарыхый музыкалык драма, опера, симфонияларында пайдаланылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1