Арпа өрөөнү
Арпа өрөөнү - Ички Теңир-Тоонун түштүк-батышындагы бийик тоо өрөөнү, жайлоошондой Түш. батышынан Фергана, түштүгүнөн Торугарт кыркатоолору, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосунун батыш тумшугу, түндүк-чыгышынан Орток-Тоо жана түндүгүнөн Жаман-Тоо менен чектешет. Узундугу 60 км, эң жазы жери 32 км.
Өрөөн түндүк-батышты карай 3 бурчтук сымал созулуп, чыгыштан батышты көздөй эңкейиштеп жатат. Таманы деңиз деңгээли 2600-3600 м бийиктикте. Арпа суусу өрөөндү 2 бөлүккө (жантайыңкы жазы сол жана тигирээк ичке оң жээкке) бөлөт. Арпа өрөөнү - грабень-синклиналдык ойдуң. Таманы шиленди жана үбөлөндү тектердин калың катмарына толгон. Климаты катаал: жылдык орточо температурасы 5,4°С, январдыкы -23°С, июлдуку 9,3°С. Жылдык жаан-чачыны 250-280 мм. Арпа өрөөнүнө шалбаалуу жана бадалдуу талаа (3000 мге чейин), күнгөйүнө субальп жарымчөлү жана кургак талаасы (3500 мге чейин), альп талаасы, тескейине субальп талаасы жана шалбаалуу талаасы, субнивалдык (3800 мге чейин), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Арпа өрөөнү - Кыргызстандагы ири жайыттардын бири. Мында негизинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунун малы жайылат. Өрөөндүн чыгыш бөлүгү аркылуу Бишкек-Торугарт автомобиль жолу өтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан географиясы.Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору».-Бишкек.2004
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1