Арпа мөңгүсү

Википедия дан

Арпа мөңгүсүИчки Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Фергана тоотиз мегинин түндүк-чыгыш капталында. Узундугу 3 км, аянты 3,3 км2. Жылаңач менен Кичи Каракамандын (Арпанын оң куймалары) аралыгындагы өзөндүн төрүндө жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4600 м, этеги 3640 м бийикте жатат. Көптөгөн жаракалар менен тилмеленген. Үстүнкү бетинин 30–50%тейи мореналар менен капталган. Мөңгүдөн башталган суу Арпага сол жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]