Арстанбек комузчу

Википедия дан

Арстанбек Буйлаш уулу кыргыздын өткөн доордогу ак таңдай акыны, айтылуу комузчусу. Ал кулактан кирип, бойду алган ондогон канаттуу ырларды, татаал кайрыктардагы залкар күүлөрдү чыгарган.
Арстанбек 1824-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүзүнүн тескей сыртындагы тынымсейит уругунан чыккан Буйлаш бийдин үйүндө туулган. Ал эки катын алган. Байбичесинен беш, токолунан эки баласы болгон. Арстанбек бийдин Төрөкан деген токолунан төрөлөт. Башка эмес малга, дүйнөгө эсирген Буйлаш Төрөканды чолпондой эки бала төрөгөнүнө карабай аны чанып, салбар кылып таштайт. Төрөкан кара алачыкта баш калкалап, чиедей жаш балдары менен жатакта өчпөстүн шамын жагып, өлбөстүн күнүн өткөрөт. Арстанбекти атасы да, байбичесинин балдары да теңине алышпайт. Таш боор Буйлаш Арстанбек кол арага жарай баштагандан аны козу менен койдун артына салат. Жаш баланын кайтарганы кой, алганы отун болсо да, ыр менен күүгө бармактайынан кызыгат. Бирок ал калк аралап кадырлуу шайырлар менен жолугушуп, таалим – тарбия алайын десе койчумандыктан колу бошобойт. Ошондой болсо да айылдагы аш-тойлордон, жыйындардан кээ бир ырчыларды комузчуларды көрөт. Алардан Арстанбек сабак алсам деп талаптанат. Тилекке каршы, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей күнүмдүк жашоо турмуштун азабынан Арстанбек айылдан-айылды аралап, айтылуу ырчылардан комузчулардан таалим ала албайт. Тек гана табийгат берген шыгын өз алдынча кой четинде, тели – теңтуштарынын арасында өнүктүрөт. Арстанбек да бара-бара айыл аралап, өнөрүн арбыта баштайт. Ал айылына ак таңдай төкмө ырчы, айтылуу комузчу катары тааныла берет.