Артаксеркс

Википедия дан

Артаксеркс — Ахемениддер династиясынан чыккан перс падышалары.

Артаксеркс I[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артаксеркс I (гректер аны Макрохейр — «узункол» деп аташкан) - биздин заманга чейинки 465—424-жылы башкарган. Атасы Ксеркс I өлтүрүлгөндөн кийин, улуу агасы Дарийди атасына каршы кутумга катышты деп айыптап, аны бийликтен четтеткенден кийин такка отурган. 464-жылы Бактриянын сатрапы Виштапстын козголоңун баскан. 454-жылы египеттиктерди жана аларды колдогон афиналыктардын флотун Нилдин делтасында талкалаган. 449-жылы Саламиндин (Кипрде) алдында гректерден жеңилгенден кийин грек-перс согуштарын жыйынтыктаган Калий тынчтыгына кол койгон. Анын шарттары боюнча Артаксеркс I Кичи Азиядагы грек шаарларынын көз каранды эместигин тааныган. 424-жылы дүйнөдөн кайткан, ошол эле күнү аялы Дамаспия да каза болгон. Экөө тең Персеполго жакын жерге коюлган.

Артаксеркс II[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артаксеркс II 404—359-жылы башкарган; Дарий IIнин тун уулу. Укмуштуудай эске тутуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгондуктан, гректер аны Мнемон («куйма кулак») деп аташкан. Бийлик жүргүзгөн алгачкы жылдары Кичи Азияны башкарып турган иниси Кир экөөнүн ортосунда такты үчүн күрөш жүргөн. Кир Вавилониядагы Кунакстын алдындагы салгылашууда курман болгон. Тышкы саясаттагы бир топ ийгиликтерге карабастан (394-жылы Книданын алдында спарталык флотту талкалоо, 386-жылы Анталкид тынчтыгы жана башка), Артаксеркс II башкарган мезгилде аялдарынын жана балдарынын (360 аялы, 115 баласы болгон) ортосундагы тынымсыз интригалар Ахемениддер мамлекетин бир топ начарлаткан.

Артаксеркс III[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артаксеркс III 359-338-жылы башкарган. Артаксеркс IIнин уулу. Улуу агаларынын баарын жок кылгандан кийин такка отурган. Башкарган жылдары Ахемениддер мамлекетинин бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн күрөш жүргүзгөн. Сатраптарга жалданма аскер кармоого тыюу салган. Кпчп Азпядагы, Фпнпкпядагы, Кппрдегп козголоңдорду аеосуз баскан. 342-жылы Егппеттп кайрадан бпрпктпрпп, перстердпн бпйлпгп калыбына келтпрплген. 338-жылы каза тапкан А. III (дарыгерп тарабынан ууландырылган) Персеполго коюлган.

Артаксеркс IV[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артаксеркс IV биздин заманга чейинки 330-жылы Бактриянын сатрапы Бесс Дарий Шнү өлтүрүп, Александр Македонскийге качып келген жана Артаксеркс деген ат менен өзүн перс падышасы деп жарыялаган. 329-жылы македондуктар тарабынан өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]