Артезиан суулары

Википедия дан
Артезиан суулары (4).
Артезиан суулары.

Артезиан суулары (латынча Artesium — Франциянын Артуа деген провинциясынын атынан) - суу өткөрбөөчү катмарлардын арасында жайгашып гидравликалык басым менен жер астында жаткан суулар. Ал суулардын үстүндө жайгашкан суу өткөрбөс тоотек катмары тешилгенде, артезиан суулары өйдө көтөрүлөт. Артезиан сууларынын пьезометриялык деңгээли жер бетинен жогору болсо, суулар жер үстүнө өзүнөн өзү агып же атылып чыгып турат. Артезиан сууларын жер үстүнө чыгаруу үчүн бургулап казып, көзөнөк (көзөнөк же кудук) артезиан кудугу жасалат. Ал калкты таза суу менен камсыз кылууда, сугат иштеринде, минералдуу сууларды алууда пайдаланылат. Мындай артезиан суулары жер үстүнө чыгарган көзөнөкчөлөр Кыргызстандын Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүндө кеңири пайдаланылат. Артезиан суулары көбүнчө антропоген мезгилине чейинки тоо-тектерде жайгашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]