Артемида храмы
Көрүнүш
Артемида храмы — гректердин аял Кудайы Артемидага арналып, Кичи Азиядагы Эфес шаарында курулган храм. Мрамордон салынган. Анын курулушу 120 жылга созулуп, биздин заманга чейинки 550-жылы ченде бүткөн. Храм өтө асем кооздолгондугу, кымбат баалуу буюмдарынын молдугу менен атагы чыккан. Артемида храмы кийин бузулуп жок болуп кеткен.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1